super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Чек ара маселеси чечилери менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз"

 

Буга чейин президент Садыр Жапаров Азербайжанга кетердин алдында иш сапардан келгенден кийин маек берерин айткан. Өлкө башчы кеңири маекти "Кабар" маалымат агенттигине берди.

Анда президентке "Тажикстан менен чек арабыз качан чечилет? Дегеле бул багытта кандай иштер жүрүүдө? “Ошол эле Ак Үй салгыча, чек араны тоссо болбойт беле?" деген суроо брилген.

Садыр Жапаровдун жообу: "Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип келе жатат. 600 чакырым бүттү, 300 чакырым калды. Бирок жай жүрүп жатат. Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей. Бирок жакынкы араларда, Кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо коё албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер тосмо койсо болбойт беле деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз. Чек ара посттору ачылат. Соода-сатык жүрө баштайт. Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болот. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: