super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиев менен Эдил Байсалов тууралуу оюн айтты

 

"Министр Алымкадыр Бейшеналиев сөзгө чоркок". Мындай пикирин өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айткан.

Анда президентке: "Сиздин министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү медиада, соцтармакта дайыма көңүл борбордо болуп келет. Кеп вице-премьер-министр Эдил Байсалов жана саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев туурасында. Соцтармактардын колдонуучулары Байсаловду ашыкча мактоого айыптаса, министрди өзүн-өзү билемдикке, мыйзамдарды кенебестикке айыптап келет. Сиздин пикир кандай? Алардын иш-аракеттери туурасында өздөрү менен сүйлөшөсүзбү?" деген суроо берилген.

"Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса кабыл алабыз. Жакпаса четке кагабыз.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду", - деп жооп берген Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: