Президент Бакудагы иш сапарында эмнеге көз айнекчен жүргөнүн түшүндүрдү
Өлкө башчы Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжан Республикасына расмий иш сапары менен барып кайткан. Анда президент жолугушууларда, сүйлөшүүлөрдө көз айнекчен жүргөнү суроо жараткан. Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип жатып, көз айнегин чечпей тагынып жүргөнүн мындайча түшүндүрдү.
"Бир жарым жылдан бери күнү-түнү тынбай кагаз, компьютер карай берип көзүмдүн көрүүсү начарлады. Компьютерди көз айнексиз карасам тумандап же компьютердин бети чагылышып турат. Көз айнек менен карасам компьютердин бети чагылышпай даана көрүнөт. Ошол үчүн көз айнек тагынам", - деди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
4

