super.kg logo

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана акыйкатчынын катышуусунда балдардын укугу талкууланды

 

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана акыйкатчынын катышуусунда балдардын укугу талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен омбудсмен Атыр Абдрахматова балдардын маселелери менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдары менен жолугушту.

Асел Чынбаева белгилегендей, бүгүнкү күндө жалпы балдар, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар менен күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу зарыл.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоо көйгөйлөрү ата-энелерден өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын, анткени ар бир бала өзү өскөн чөйрөдөн көз каранды экенин баса белгиледи.

“Ар кандай курактагы балдар ата-энесинин сезимдерин кабыл алышат, эгер чоңдордун мамилесинде гармония болбосо, бул тигил же бул балага таасир этет, кээде өзүн өзү өлтүрүү сыяктуу терс кесепеттерге алып келет”, - деди Асел Чынбаева.

Ал ошондой эле бул жолугушуунун маанилүүлүгүн жана балдардын кызыкчылыгы үчүн мындан аркы кызматташуунун зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: