super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт мүчөлөрү Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банктары тарабынан ишке ашып жаткан долбоорлорду талкуулашты

 
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Бүткүл дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашып жаткан долбоорлорду талкуулаган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө жети тармакта ишке ашып жаткан инвестициялык долбоорлордун өнүгүүсүнө баа берилди жана ишке ашырууга жолтоо болуп жаткан көйгөйлөр аныкталды. Иш-чарага жети министрлик менен мекеме жетекчилери, КР Өкмөтүнүн аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жана эл аралык донор уюмдарынын өкүлдөрү катышты. 
“Биз Бүткүл дүйнөлүк банкынын жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын элинин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган аракетин баалайбыз. Учурда өнөктөштөр менен реформаларды алга жылдырууда натыйжалуу иштерди жасай алдык. Бизде ачык диалог жана чечимдер үчүн биргелешкен механизмдер бар”,- деди Оторбаев. 
Ал эл аралык донор уюмдарынын долбоорлорун ишке ашырууда көрсөткүчтөрдүн жакшырышы менен каржы булагынын көлөмү да өсүп жаткандыгын айтты. 2012-жылы гранттык-насыялык багытта 793 миллион долларга келишим түзүлсө, 2013-жылы бул көрсөткүч 895 миллион долларга жеткен. 
“Биз ресурстарды натыйжасыз пайдаланбашыбыз керек. Арийне, айрым министрлик менен мекемелер өнөктөштөр менен натыйжалуу иштебей жатканына сын айтылууда. Алар бул долбоорлоруна кол жууп калышы мүмкүн”,- деди Жоомарт Оторбаев. 
Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк банктын башчысы Александр Кремер, өз кезегинде өкмөт тарабынан, анын ичинде Каржы министрлиги тарабынан долбоорлор сапаттуу ишке ашырылып жатканын белгилеп өттү. “Үстүбүздөгү жылы биз алты долбоорго канааттандырарлык эмес деген баа бердик. 2014-жылдын февралында төмөнкү көрсөткүчтөгү бир долбоор кыскарат”,- деди Александр Кремер.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: