super.kg logo

Кыргызстан менен Түштүк Корея ортосунда түз аба каттамы ачылат

 

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда түз аба каттамы ачылат. Бул туурасында Кыргыздын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова "T’Way" авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён башында турган делегациясы менен сүйлөшүүлөрүндө маалым болду.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын 2023-жылы ачуу пландалууда.

Элчи Исмаилова эки өлкөнүн жарандары түз аба каттамдарын ачууга кызыкдар экенине жана бул маселе бардык деңгээлде көтөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Өз кезегинде авиакомпаниянын президенти Ёнг Хонг Гён компания 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алганын, бирок пандемиядан улам пландуу каттамдары кийинкиге жылдырылганын билдирди.

Мындан тышкары "T’Way" авиакомпаниясы туруктуу каттамдарга чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдар жана кийинки чартердик рейс 2022-жылдын 28-апрелине пландаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: