super.kg logo

Кыргызстан үчүн негизги импортёр болгон Орусияда өсүмдүк майы дагы кымбаттайт

 

Орусияда күн карама майына болгон баа 10 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Май өндүрүүчүлөр бирикмесинин аткаруучу директору Михаил Мальцев Sputnik Орусия радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Европа өлкөлөрүндө өсүмдүк майынын баасы кымбаттап жатат. Ал муну Украинадагы себүү өнөктүгүнө жараша болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

"Украина Европаны өсүмдүк майы менен камсыздоочу негизги өлкө. Эгерде абал ушул бойдон калса майга болгон баа мындан дагы көтөрүлөт. Бирок Орусияда өсүмдүк майы жетиштүү. Маселен, биз продукциянын үчтөн эки бөлүгүн өзүбүз экспорттойбуз.

Ошондой эле баа доллардын курсунан көз каранды. Анткен менен күзгө чейин өсүмдүк майы 10 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн", - деди Михаил Мальцев.

Белгилей кетсек, Кыргызстан үчүн күн караманын негизги импортёру Орусия болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: