ИИМ Болот Темиров боюнча маалымат жыйын берүүдө

Бүгүн, 26-апрелде Ички иштер министрлиги иликтөөчү журналист Болот Темировго карата кылмыш ишин тергөөнүн жыйынтыктары боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Анда ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчиси Альтаир Исмаилов журналист Болот Темировго карата козголгон кылмыш иштери учурда прокуратура тарабынан тергелип жатканын айтты.
"Учурда Болот Темировго карата 4 берене боюнча кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, тергөө иштери прокуратура тарабынан тергелип жатат", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темировго 4 берене (баңгизаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, документтерди жасалмалоо, мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү жана жасалма аскердик күбөлүктү пайдалануу) боюнча шектелип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылган.
