super.kg logo

Талкууланып бүтпөй жаткан "Манас айылы" боюнча манасчылар расмий билдирүү жасашты

 

Буга чейин Манас айылынын тосмолорун "Ысык-Көл" мейманканасынын куруучулары басып кирип, тосмолорун бузуп жатышканы кабарланган. Кийинчерээк президенттин иш башкармалыгынан "Манас айылы" комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатканын билдиришкен.
Аталган айыл жана 5 сотых жер тилкеси боюнча учурда кайчы пикирлер, талкуулар болуп жатат. Буга байланыштуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынын жалпы жамааты коомчулукта талкуу болуп жаткан маселе боюнча расмий билдирүү жасады.
"Биз, театрдын жамааты коомчулукта талкуу болуп жаткан "Манас айылы" боюнча бир нече жолу талкуулап, ал тургай маселени аталган комплекстин жетекчиси, улуттук "Манас" театрынын манасчысы, көркөм кеңештин мүчөсү, Дөөлөт Сыдыков менен дагы биргеликте сүйлөшкөнбүз. Ооба, бардык манасчылар Дөөлөт Сыдыков сыяктуу эле "Манас айылынын" талкаланышына каршы экенибизди билдиргенбиз жана такыр түп орду менен жок болушуна жол бербейбиз. Ушул маселеге байланыштуу такталган жана такталбаган маалымат экенине карабастан манасчылардан пикир сурап жаткандарды да туура түшүнөбүз. Манаска кайдыгер карабаган жарандык жигердүүлүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Ошол эле учурда президенттин иш башкармалыгы, президент өзү баш болуп расмий түрдө: "Манас айылы" эч качан бузулбайт, тескерисинче баарыбыз суктанарлык кылып реконструкциялайбыз. Так ошол жерге жаңы ачылган Кыргыз улуттук "Манас" театрынын жаңы имаратын салабыз", - деп жатса, жалпы манасчылар биз эмне деп үн катышыбыз керек?!…
Ал эми салынып жаткан администрациялык имарат жана салына турган "Манас" айылынын ортосундагы расмий маалыматта билдирген беш сотых жер эки тараптуу гана сүйлөшүп ала турган маселе деп эсептейбиз. Ошондуктан биз расмий маалыматка таянуу менен мындан ары да Кыргыз улуттук "Манас" театрына, “Манас айылына” байланышкан убадалардын аткарылышын талап кылабыз жана расмий айтылган убадалар аткарылат деп ишенебиз", - дешет театрдын көркөм кеңешинен.
Көркөм кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Эл акындары Амантай Кутманалиев, Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, эмгек сиңирген артисттери Рысбай Исаков, Самат Көчөрбаев, Өмүрзак Кайыпов, Дөөлөт Сыдыков, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев, "Манас" театрынын көркөм жетекчиси Замирбек Баялиев жана ырчы Мээрим Карыпова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: