super.kg logo

Украинадагы жаңжалдан улам Ливанда ачарчылык болушу мүмкүн

 

Көп жылдык саясий жана финансылык кризистен кийин ливандыктар азыр ачарчылык коркунучунда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ливандыктарга буудайдын 80 пайызы Орусия менен Украинадан келет. Бул эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдын курчушу дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктүн баасынын кескин көтөрүлүшүнө алып келет.

"Эки жылга жетпеген убакыттын ичинде өлкөбүздө төрт ири кризис болду. Бул кризистер Ливан азыр жапа чеккен кризисти ого бетер күчөттү: 2019-жылдагы экономикалык жана каржылык кризис, COVID-19 пандемиясы, Бейрут портундагы жарылуу жана азыркы Украинадагы жаңжал”, - деген Ливандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сами Надер.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Ливандын экономикасы 2019-2021-жылдар аралыгында дээрлик 60 пайызга кыскарган, бул азыркы мезгилдеги эң начар финансылык кризистердин бири. Ошондой эле ливан лирасы 90 пайыздан ашуун наркын жоготту.

Апрель айынын башында Ливан бийлиги өлкө банкрот болгонун жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: