super.kg logo

"Казакстанга сууну блокада кылышыбыз керек" деген кыргыз депутаты: Казакстандык дагы бир министр билдирүү жасады

 

Казакстандын Экология министрлиги Кыргызстандан суу келбей калуу коркунучун көрбөйт. Бул тууралуу казак министри Сериккали Брекешев Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбековдун билдирүүсүнө комментарий берип жатып айтканын казак басылмалары жазышты.

"Ушул айдын 20сында Таразда Чу жана Талас дарыяларындагы суу чарба объектилери боюнча кезектеги жыйын болуп өткөн. Булар Жамбыл облусунун суу менен камсыздоосу көз каранды болгон дарыялар. Ал жакта биздин адистер кыргызстандык кесиптештери менен жолугушкан. Бизде Кыргызстан бизге бериши керек болгон келишимибиз бар. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тарап суу бербейт деген коркунучту же тобокелчиликти көргөн жокпуз", - деген Брекешев.

25-апрелде өткөн бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Казакстан менен болгон чек арадан айдоочулар өтө албай кыйналып жатканын айтып, буга жооп катары сугат сууну блокада кылыш керек деген пикирин билдирген.

"Биздин жүк ташуучу айдоочуларыбыз эмне себептен кыйналып жатат? Тажикстандыкы, Өзбекстандыкы кыйынчылыксыз эле өтүп жатат. Блокада бар да туурабы? Биз муну бир тууган казак элинин бизге жасап жаткан кыянатчылыгы деп билебиз. Биз дагы сугат суусуна блокада жасайлы. Менин сунушум ушундай. Биз ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Коңшу мамлекеттер менен жакшы мамиледе болсок, алаканы жакшы мамиледе кылышыбыз керек. Урматтуу бийлик өкүлдөрү, сугат суунун кезеги келгенде блокада кылышыбыз керек", - деген Алтынбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: