super.kg logo
  Саясат  

"Артта калып жатабыз". Нуржигит Кадырбеков талап кылынган ПЦР тесттерди алып салууну сунуштады

 

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков ПЦР тесттерди алып салууну сунуштады. Эл өкүлү Кыргызстанга чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандары, этникалык эле кыргыздар келерин айтат.

"Канчалаган мекендештерибиз Кыргызстанга келерде ПЦР тесттин жыйынтыгы талап кылынат деп акчалары кетип жатат. Өлкөгө келгенде караган киши жок, кызыккан киши жок. Баягы көптөн, көчтөн калбайлы деп эле киргизип койгонбуз. Азыр Европа туристтик сезон башталды деп ПЦР тесттерди талап кылбай калды. Бир гана биз артта калып жатабыз. Өткөндө бир министрди мактадым эле, ошону чакырып бир маалымат алалычы. Эмне үчүн ПЦР тестти талап кылуу дагы деле сакталып жатат. Эл эле кыйналып жатат.

Биз формалдуу жашаган эл экенбиз. Азыр деле эшиктерде "бет капчан киргиле" деген жазуу турат, бирок аткарган киши жок", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: