super.kg logo

Кытайда дагы бир коркунучтуу делген вирус катталды

 

Кытайдын Хэнань провинциясында H3N8 куш тумоосун жуктурган биринчи учур катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вирус аныкталган бейтап 4 жаштагы бала. Ал үй канаттуулары менен байланышта болуп, андан кийин үйдөн алыс эмес жерде жапайы өрдөк менен байланышкан. Бейтаптан 5-апрелде биринчи белгилер байкалып, андан кийин абалы начарлап кеткендиктен 10-апрелде ооруканага жаткырылган. 24-апрелде текшерүүдөн кийин балада H3N8 инфекциясы бар экени аныкталган.

"Адистердин алдын ала баалоосуна ылайык, H3N8 сасык тумоосунун вирусу канаттуулардан келип чыккан жана буга чейин адамдарга эффективдүү жугуза алган эмес. H3N8 вирусу дүйнө жүзү боюнча жылкыдан, иттен, канаттуулардан табылган, бирок H3N8 вирусу адамдарда катталган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Кытайдын мамлекеттик комитети вирустун адамдарга кеңири жайылуу коркунучу төмөн экендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: