super.kg logo

Жээнбек Кулубаев Түркия Тажикстанга Bayraktar'ды жеткиргенин тастыктады

 

Түркия коңшу Тажикстанга Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппараттарын жеткиргени азырынча чындык. Бул тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анда Жээнбек Кулубаевге депутат Мирлан Самыйкожо Тажикстан түрк тилдүү элдердин кеңешинде жок экендигин белгилеп, "Бир маалыматты тактагым келип жатат. Түркия Тажикстанга Bayraktar'ды жөнөттү делген маалымат тарабадыбы. Ушунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?" деген суроо берди.

"Биз бул маалыматты тактап жатабыз. Бирок мурун түрк тарапка ортобузда көйгөйлөр чечиле элек, этияттагыла деп дагы айтылган болчу. Ошон үчүн байрактарды бизден башка коңшуларыбызга сатканга этияттаңыздар деп айттырганбыз. Бирок алар бул бизнес экенин айтып жатышат. Азыр толук маалымат алгандан кийин дагы түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Азырынча бул маалымат чындык", - деди Кулубаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: