super.kg logo
  Саясат  

Султанбай Айжигитов депутаттардын талоонуна түшкөн министрдин орун басары туура айтканын билдирди

 

Жогорку Кеңеште "Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Анын демилгечиси депутат Марлен Маматалиев баяндама жасап жатат.

Анын жүрүшүндө депутаттар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Аркадий Рогальскийди ачуу сынга алышты.

Ага министрдин орун басарынын аталган мыйзам боюнча берген жообу себеп болду.

Бир нече депутат аны бул тармакты түшүнбөйт, мыйзамдын талкуусуна көңүл кош мамиле кылууда деп айыпташты.

Буга Рогальский тактап жооп берип, мыйзамга канча пайызы мамлекетке, канчасы иштеткен компанияга кете турганын так жазуу зарылдыгын айтты.

Маматалиев кен казганда мамлекетке 30 пайыздан жогору калсын деп жалпылап сунуштап жаткан.

Он чакты депутат сынга алган министрдин орун басарын эл өкүлү Султанбай Айжигитов колдоого алды.

“Мен министрдин орун басарына басым кылууну токтотууга чакырам. Ал эң туура позицияны карманып жатат, сага айтарым ушул позицияңдан тайба. Биз ансыз дагы кендерибизди талап-тоноп жок кылдык. Мамлекетке 70 пайыз, иштеткендерге 30 пайыз деген катуу чектөөнү киргизүүнү сунуштайм. Кандай кен экенине карабай. Макул болсо ушундай талап менен иштешет, болбосо балдарыбызга калат”, - деди Айжигитов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: