super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров пансионат, эс алуучу жайлардын ээлерине: "Сезондо тапкан каражатыңарга саркынды суу тазалоочу жайларды салгыла"

 

Президент Садыр Жапаров дагы бир жарлыкка кол койгонун маалымдады. Бул туурасында ал Фейсбуктагы расмий баракчасына жазып чыкты.

"Алдын ала эскертип коёюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары (очистное сооружение) жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат.

Ошондуктан быйылкы сезондо тапкан каражатыңарга дароо саркынды суу тазалоочу жайларды салгыла!
Бир топ пансионаттардын ээлери уюшуп бир эле саркынды суу тазалоочу жай салып, анан туташтырып кошуп алсаңар туура болот деп ойлойм. Бул боюнча Мамлекеттик курулушка тапшырма бердим, уюштуруп берет", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчы "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: