super.kg logo

Жалал-Абад шаарында 180 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад шаарынын Некрасов көчөсүндө жайгашкан №18 "Радуга" балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, ички эмеректерине, керектүү каражаттарына демөөрчүлүк кылган жеке ишкерлер, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

"Аталган бала бакча Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөн мүлктөрүнүн бири болчу. Бирок аны “Элдик” мамлекеттик ишканасы ижарага берип, бала бакча бир топ жылдар бою кароосуз калып, мүлктөрү талкаланган. Бала бакча шаардык мэриянын муниципалдык менчигине өткөндөн кийин, ага жергиликтүү бюджеттен 7 миллион 447 миң сом каражат бөлүнүп, 2 кабаттан турган бала бакча толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Бала бакчанын эмеректерин, ашкана буюм-тайымдарын сатып алууга шаардагы бир нече курулуш компаниялар демөөрчүлүк кылды", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле учурда шаар аймагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы эки бала бакчанын курулушу жүрүп, мекеме-ишканаларга берилип кеткен бир топ бала бакчалардын имаратын кайтаруу иши жүрүп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 23 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар. Анда 4369 бала тарбияланып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: