super.kg logo

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон жардам берилет

 

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгынын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттик фондунан 10 миллион 807 миң сом тапшырылат:

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

- Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына;

- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга, ошондой эле “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга.

Мындан тышкары 9-майга карата жогоруда аталган категориядагы адамдарга 20 миң сом өлчөмүндө жыл сайын кошумча бир жолку акчалай жөлөк пул, ошондой эле эсептик көрсөткүчтүн алты эселенген өлчөмүндө жана төрт эселенген бир жолку акчалай жөлөк пулдарды алышат.

Маалым болгондой, 1-февралга карата өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 107 адамды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: