2019-жылда алдамчылык кылганга шектелип издөөдө жүргөн жаран Баткенден кармалды
Милиция кызматкерлери алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн Ош шаарынын тургунун колго түшүрүштү. Баткен ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришкендей, алдамчылык фактысы 2019-жылы катталган.
Маалым болгондой, Ош шаарынын 47 жаштагы Д.К. аттуу тургуну 2019-жылы Лейлек районунун аймагында алдамчылык менен алектенип, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн.
Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарына алып келинди.
Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.