super.kg logo

«Мой О!» тиркемесиндеги автоматтык төлөмдөр: абоненттик төлөмдү, интернетти жана коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөө

 

«Мой О!» мобилдик тиркемеси ыңгайлуу кызматтары жана пайдалуу функциялары менен кубантууну улантууда. Эми колдонуучуларда «О!Деньги» капчыгынын каталогунда каалаган сервис үчүн автоматтык төлөмдөрдү кошуп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Жаңы акысыз кызмат мобилдик байланышты, интернетти, коммуналдык кызматтарды жана ал гана эмес кредиттерди автоматтык төлөөнү ырастоого мүмкүнчүлүк берет. Бул ар дайым байланышта болууга, өз убагында эсептерди төлөөгө шарт түзөт, кечигип калуунун алдын алат.

Автоматтык төлөмдү бир гана жолу ырастап алуу жетиштүү жана мындан ары үзгүлтүксүз төлөмдөр кол менен киргизилбейт.

Автотөлөмдү кантип кошуп алуу керек?

  1. «Мой О!» тиркемесин, «О!Деньги» бөлүмүн, андан кийин «Тандалгандарга кошууну» ачыңыз.
  2. Каталогдон керектүү сервисти тандаңыз жана реквизиттерди киргизиңиз.
  3. Сумманы көрсөтүңүз жана «Автотөлөм жана эскертүүнү» тандаңыз.
  4. Төлөмдүн күнүн жана төлөө ыкмасын тандаңыз.

Бардык ырастоолор «Тандалгандарда» сакталат. Каалаган учурда параметрлерин өзгөртүп койсо болот: сумманы, күндү өзгөртүү же функцияны өчүрүү.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: