29-ноябрда Улуттук китепканада Казы Дыйканбаевдин 100 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат

Эртең, 29-ноябрда Улуттук китепканада көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Казы Дыйканбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган “Өчпөс из калтырган инсан” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат.
Айта кетсек, белгилүү мамлекеттик ишмер Казы Дыйканбаев 1913-жылы 1-декабрда Түп районунун Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Ал өмүр жолунда мамлекеттик жооптуу жетекчилик кызматтарды аркалап, эл-жерине ак кызмат өтөгөн. Ал 2010-жылы 96 жашында каза тапкан.
Көргөзмөдө К.Дыйканбаев басып өткөн жолу боюнча материалдар, фотодокументтер, ал жөнүндөгү макалалар коюлмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.