super.kg logo

Чүйдөгү айланма жолдо жол кырсыгы катталып, ЭлТРдин кызматкери каза болду

 

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы айланма жолдо жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болду. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсык 27-апрелде саат 16:50 чамасында катталган.

"Кемин районунун 1989-жылы туулган М.А. аттуу тургуну Опель Зафира кызматтык унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып алдындагы КамАЗды (айдоочусу К.Б., 1975-жылы туулган, Бишкектин тургуну) артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Опель Зафира унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден көз жумган. Ошол эле жеңил унаанын эки жүргүнчүсү 1976-жылы туулган И.К. жана 1977-жылы туулган М.К. жаракат алып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

Каза болгон адам ЭлТР мамлекеттик компаниясынын кызматкери болгон.

Жол кырсыгы каттоого алынып, унаалар айып короосуна токтотулду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дешет маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: