super.kg logo
  Саясат  

Эмгек министрлиги менен “Замандаш” мигранттардын маселеси боюнча бирге иш алып барышат

 
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен кыргызстандыктардын  жана мекендештердин “Замандаш” эл аралык конгресси ички жана тышкы эмгек рыногунда, миграция жана жумуш менен камсыз кылуу маселелери боюнча биргеликте иш алып баруу үчүн кол коюшту. 
Документке 27-ноябрда эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен “Замандаш” ассоциациясынын директору Майрамбек Жапанов кол койюшту. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, тараптар биргелешип иш алып баруу менен мигранттарды башка өлкөлөрдүн мыйзамынын алкагында жана улуттук, эл аралык мыйзамдарды сактоо менен жумуш менен камсыз кылуу маселесин карашат. 
Мындан сырткары мигранттардын укугун коргоо, өлкөдөн  мыйзамсыз чыгаруу жана адам сатууну жок кылуу, сырткы миграциядагы тобокелчиликтер тууралуу маалымат берүү, ошондой эле адам сатууга кабылгандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү каралган.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: