super.kg logo

Орусияда турнир учурунда 12 жаштагы шахматчы кызды овчарка талап, ал каза болду

 

Орусиянын Шахмат федерациясы саратовдук 12 жаштагы шахматчы Полина Куникова Сочиге жакын жерде өткөн турнирде каза болгонун жарыялады. Бул тууралуу Орусиянын спорттук басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 26-апрелде Краснодар аймагындагы "Лоо" эс алуу жайында болгон. Анда апасы менен турнирге катышуу үчүн барган окуучу кыз балдар интернатына түнөгөн. Ал бош убактысында жалгыз сейилдеп, кароосуз калган курулушка барган. Ал жерде кичинекей күчүктөр болгону айтылат маалыматта.

Ал тосмодон ашып кирген маалда аны овчарка талаган. Кызды өтүп бара жаткан адамдар көрүп калып дароо "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Бирок келген дарыгерлер кыздын каза болгонун гана айтышкан.

Азыр тергөөчүлөр окуя болгон жерди текшерип, аталган жердин ээсин аныктап жатышат. Көпчүлүк бул окуяга жердин ээси күнөөлүү экенин айтышууда.

Маркум кыздын атасынын айтымында, кызы көбүнчө кароосуз калган үй жаныбарларын карап, аларды жакшы көрчү.

Полина Куникова Саратов облусунун шахмат боюнча вице-чемпиону болчу. 2020-жылы интернетте өткөн жаштар арасындагы шахмат боюнча онлайн турнирлердин эки жолку жеңүүчүсү болуп, февраль айында 15 жашка чейинки аймактагы эң күчтүү шахматчылардын бири деп табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: