super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт

 

Бишкек шаарында самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, самбо боюнча дүйнө чемпиондугу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында, жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу Болгариянын Панагюриште шаарында өтмөк. Бирок бул өлкөлөрдүн улуттук федерациялары ФИАСга бул турнирлерди өткөрүүнү башка күнгө жылдырууну суранышкан.

"Дүйнөлүк чемпиондукту өткөрүү боюнча талапкер өлкөлөрдүн сунуштары каралып, Кыргыз Республикасынын Самбо федерациясынын арызы ФИАСтын Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн добушуна коюлуп, колдоо тапты. Турнир Бишкекте мурда пландаштырылгандай 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин өтөт", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми жаштар арасындагы самбо боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү Ереванга берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: