super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбандары UWW уруксат бербесе Орусияда өтө турган турнирлерге катыша албайт

 

Кыргыз балбандары Дүйнөлүк күрөш уюму уруксат бербесе Орусия жана Беларуста өтө турган турнирлерге катыша албайт. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев маалымат жыйынында айтты.

"Беларусь өлкөсү менен Орусияга спортто дагы чектөө коюп коюшпадыбы. Биз Дүйнөлүк федерациянын мүчөсү болгондон кийин аларга баш ийишибиз керек. Алардан уруксат алышыбыз керек. Жакында Орусияда байгеси чоң турнир өтөт экен. Мындан улам Дүйнөлүк күрөш уюмуна уруксат сураган кат жибердик. Эгер уюм макул болсо 4, 5 гана балбанды жиберебиз. Уруксат бербесе бара албайбыз. Себеби эртеңки күнү биздин балбандарды Азия оюндарына, Дүйнө чемпиондугуна катыштырбай, санкция берип коюшу мүмкүн", - деди Турганбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: