super.kg logo

"Биздин Россия" долбоорунун жылдызы үй-жайсыздардын баш калкалоочу жайынан табылды

 

"Биздин Россия" долбоорунда Жамшуттун ролу менен таанылган актёр Валерий Магдьяш үй-жайсыздардын баш калкалоочу жайынан табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Магдьяш театрда Армен Жигарханян менен бирге иштеген, ондогон ар кандай тасмаларда жана телешоулордо роль жараткан. Бирок кийин дайынсыз жоголуп кеткен. Актёрдун айтымында, ичкиликтен жана жакырчылыктан жапа чеккен.

Ошондой эле анын тоноодон кийин үй-жайсыз калганы жана бир нече жолу операция болгону айтылат.

"Башыма урулган соккулар, сегиз тигиш, оорукана... Үй-жайсыз, каражатсыз жана документсиз. Мени жергиликтүү полиция кызматкерлери жана күзөтчүлөр бутерброд менен тамактандырышты", - деген актёр.

Үй-жайсыздардын баш калкалоочу жайында 70 жаштагы актёрго чатыр берилген. Кээде Магдьяш жергиликтүү эс алуу борборунда концерт берип турат. Ал кесибине кайтып келип, кайрадан роль жаратууну каалаарын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: