super.kg logo

Алдыга карай ишенимдүү кадам таштоонун 16 жылы: MegaCom туулган күнүн белгилеп жатат

 

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түптөлгөндүгүнүн 16 жылдыгын белгилеп жатат! 2006-жылдын 28-апрелинде MegaCom түйүнү расмий түрдө коммерциялык эксплуатацияга киргизилип, компаниянын алгачкы кеңселери мега-түйүндүн көптөн күткөн абоненттерине өз каалгасын ачкан.

Бул жылдардын аралыгында MegaCom түйүнү Кыргызстандын калктуу аймагынын 99%ын камтып, 3 миллиондон ашуун абоненттерди сапаттуу байланыш жана ыкчам Интернет менен камсыздап келет.

Өлкөнүн телекоммуникациялык рыногунда алдыңкылардын бири жана масштабдуу digital-долбоорлордун демилгечиси болгон MegaCom үчүн 16 жыл динамикалуу өнүгүүнүн, ири максаттарды ишке ашыруунун жана чоң жетишкендиктердин жылдары болду.

Бүгүнкү күндө MegaCom – бул абоненттердин мүдөөлөрүнө төп келген актуалдуу тарифтер, ыңгайлуу каржылык сервистер жана санариптик кызматтар, жеткиликтүү байланыш жана интернет.

2021-жыл ичинде компаниянын кирешеси 1,5 миллиарддан ашык сомго өскөн болсо, Кыргызстандын бюджетине төлөнгөн төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2,6 миллиард сомду түздү.

MegaCom операторунун кирешесинин өсүүсү түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү боюнча аткарылган үзгүлтүксүз иш-аракеттин, жаңы базалык станцияларды курууга басым жасоонун, ошондой эле абоненттерге көрсөтүлүп жаткан кызматтардын, абоненттерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуунун негизинде ишке ашырылууда.

MegaCom’ду ишенимдүү байланыш оператору катары тандоо менен, компаниянын абоненттери Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө өз салымын кошуп келет. MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору − өлкөдөгү ири салык төлөөчү компаниялардын бири, уюлдук оператордун түшкөн ар бир сомунун эсебинен мамлекетибиздин бюджети толукталат.

Байма-бай ишке ашырылып турган социалдык-кайрымдуулук иш-чараларды компаниянын корпоративдик стратегиясынын бир бөлүгү катары кароого болот. MegaCom 16 жылдан бери калктын аярлуу катмарын көз жаздымга калтырбай, жаш муундун келечегине кам көрүп, саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлордун ишке ашырууга колдоо көрсөтүп, спорттун, улуттук баалуулуктардын жана маданияттын өнүгүшүнө өз салымын кошууда.

Биз туулган күнүбүздө бардык абоненттерибизге жана өнөктөштөрүбүзгө MegaCom’ду ишенимдүү байланыш оператору катары тандагандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин ишенимиңиздер бизди бийиктиктерди багындырууга, ийгиликтерге жетүүгө жана ар дайым алдыңкы сапта болууга шыктандырат!

MegaCom – мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн иштейбиз!

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: