Ош. Шаарда эртең, 29-ноябрда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митинг өткөрүүнү пландоодо
20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары эртең, 29-ноябрда Ош шаарындагы борбордук аянтта митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу митингдин уюштуруу тобунун мүчөсү Марипат Осмоналиева бүгүн, 28-ноябрда билдирди. Алардын талабы мурдагыдай эле, депутат Ахматбек Келдибековду боштондукка чыгаруу болуп саналат.
Маалымат катары айта кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго Кылмыш кодексининин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деп айыпталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

