Токмоктогу психоневрологиялык интернаттын директору Бишкектеги №1-СИЗОго камалды
Майыптарды 500
долларга саткан Токмоктогу психоневрологиялык интернаттын директору Курманкул Жумалиев
баш коргоо чарасы менен Бишкектеги №1-СИЗОго жеткирилди. Бул тууралуу Башкы
прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, кылмыш ишин
иликтөөнүн жүрүшүндө аталган интернаттын директору кылмышка шектелип, Токмок
шаарындагы ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.
25-ноябрда Курманкул Жумалиевге кызматынан кыянаттык менен пайдалануу жана адам
сатуу боюнча айып тагылган. Сотко баш
коргоо чарасын аныктоо өтүнүчү келтирилген. Ошол эле күнү сот Бишкек шаарындагы №1-СИЗОдо баш коргоо чарасы
менен камоо чечимин чыгарган.
Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Токмоктогу жатак-үйдүн директору 2-топтогу эки майыпты 500 долларга Орусияга сатып жибергени айтылган. Алар Москванын метролорундагы станцияларда кайырчылык кылышмак. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

