super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды

 

Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий алмашууну тереңдетүү жаатында Кыргызстан менен ТҮРКСОЙдун кызматташуусу тууралуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Султан Раевди “ТҮРКСОЙ” Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктады.

“Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын өкүлү бул уюмдун Башкы катчысы болуп жатканы бизди кубандырат. Андан тышкары, күзүндө Кыргызстандын өкүлү Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болот. Ошондуктан келерки жылдар Кыргызстан үчүн түрк дүйнөсүндө абдан маанилүү мезгил болот деп эсептейм”, - деди ал.

Садыр Жапаров Султан Раев ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.

Президент Кыргызстан ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгүн колдоп, анын түрк элдеринин ортосундагы бир туугандыкты жана достукту чыңдоого, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалай турганына ишендирди.

“ТҮРКСОЙ – түрк тилдүү мамлекеттерди байланыштырган руханий көпүрө болуп, чоң иштерди аткарып, эл аралык аренада чоң ири кадыр-баркка ээ болгон эл аралык уюмга айланды”, - деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев аны мындай жогорку кызматка дайындоо учурундагы колдоо үчүн ыраазчылык билдирди.

Султан Раев мамлекет башчысына Уюмдун ишин активдештирүү жана түрк элдеринин маданиятын, анын ичинде кыргыз маданиятын, кыргыз фольклорун жана “Манас” эпосун жайылтуу боюнча мындан аркы пландар тууралуу маалымат берди. «Биздин негизги максатыбыз түрк элдеринин интеграциясына салым кошуп, маданият аркылуу бириктирүү», - деди ал.

Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Бурса шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусуна даярдык көрүү, анын ичинде кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын жайылтуу маселелери талкууланды. Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстан кезектеги V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: