super.kg logo

Тажикстан Bayraktar'ды сатып алганын тастыктаган дагы, төгүндөгөн дагы жок

 

Тажикстандын Коргоо министрлиги Түркияда чыгарылган Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппаратын сатып алганын тастыктаган дагы, төгүндөгөн дагы жок. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, тажик басылмалары Тажикстандын Коргоо министрлигине Bayraktar'ды сатып алгандыгы тууралуу суроо менен кайрылышкан. Бирок Тажикстандын Коргоо министрлиги бул маалыматты тастыктаган дагы, төгүндөгөн дагы эмес.

27-апрелде тышкы иштер министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин жыйынында Түркия Тажикстанга Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппаратын сатканы азырынча чындык экенин билдирген.

"Биз бул маалыматты тактап жатабыз. Бирок мурун түрк тарапка "ортобузда көйгөйлөр чечиле элек, этияттагыла" деп дагы айтылган болчу. Ошон үчүн Bayraktar'ды бизден башка коңшуларыбызга сатканга этияттаңыздар деп айттырганбыз. Бирок алар бул бизнес экенин айтып жатышат. Азыр толук маалымат алгандан кийин дагы түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Азырынча бул маалымат чындык", - деген Кулубаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: