Депутат Исхак Пирматов кичи мекениндеги эски мектептердин абалына кейиди
ЖКнын 28-ноябрдагы жыйынында депутат Исхак Пирматов Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы 2 мектеп авариялык абалда экенин айтты. “Өрүктү айылындагы 2 мектеп 1950-жылдары курулган. Эскирип бүттү. Улам ылай менен шыбала берип дубалынын калыңдыгы 1,5 метрге жетип калды. 150 окуучуга ылайыкталган мектепте учурда 300 окуучу билим алууда”,- деди Пирматов. Депутат өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө кайрылып, бул имараттарды оңдоону 2014-жылдын бюджетине киргизүү зарыл экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

