super.kg logo

Баңгизаттарды саткан интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, иштеткендер кармалды

 
Бишкектин жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарын сатуу менен алектенген KG_Svetofor интернет-дүкөнүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, дүкөндү иштеткендердин бири Орус жараны.
Министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан интернет-дүкөнүн ачып, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенген Кыргыз жана Орус жараны кармалды.
Тинтүү учурунда 5 даана таңгакталган болжол менен гашиш алынган. Мындан тышкары алар өз ыктыяры менен 10 даана сары-жашыл жана көк электр лентасына оролгон заттар бар Чүй облусунун аймагында мурда катылган кыстармаларды көрсөтүшкөн.
Ал эми жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүүдө таза салмагы 71 граммды түзгөн гашиш, булбулятор, компьютер жана ноутбук, 3 даана уюлдук телефондор, банк карталары алынган.
Кармалгандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда бул факты боюнча соттук-химиялык экспертизалар, электрондук алып жүрүүчүлөрдү башка интернет-дүкөндөрдүн табылышы боюнча текшерүү дайындалган. Ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: