"Видеону үй-бүлөӊө жөнөтүп, интернетке чыгарабыз". Ошто массажга келген жарандан акча талап кылгандар кармалды

Башкармалыктан билдиришкендей, 26-апрелде шектүүлөр үйдө массаж жасоо менен алектенген (2000-жылы туулган Б. кызы О. жана анын теӊтушу Э. кызы А.) таанышынын үйүнө барышкан. Анда массаж жасатып жаткан жабырлануучуну видеого тартып алышкан.
Тартылган видеону жабырлануучуга көрсөтүшүп "эгерде 50 миӊ сом алып келбесеӊ видеону жакындарыңа, үй-бүлөӊө көрсөтүп, интернетке чыгарабыз" деп коркутушуп, 25 миӊ сом акчасын, паспортун жана унаасынын техпаспортун алып коюшкан.
Эртеси жабырлануучу акча таба албай койгонун билдирген. Шектүүлөр андан унаасын күрөөканага коюп, 50 миӊ сом акча таап берүүнү талап кыла башташкан. Мындан улам жабырлануучу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазууга аргасыз болгон.
"Опузалап акча талап кылууга шектүү катары 1989-жылы туулган Т.Н. аттуу аял жана анын шериги 1998-жылы туулган М. уулу С. кармалды. Экөө теӊ 27-апрелде убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын үстүнөн 208-берене (опузалап талап кылуу) менен иш козголду. Шектүүлөр Ош шаарында убактылуу жашап турушкан.
Учурда тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу айтылбаган жагдайлар бар. Болгон окуяны так аныктоо боюнча ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат. Массаж менен алектенген кыздардын чыныгы ишмердүүлүгү, шектүүлөр менен байланышы текшерилүүдө", - дешти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.