super.kg logo

Сокулукта райондук милициянын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Сокулук РИИБинин тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин атайын кызматка А.Ж. аттуу жаран кайрылып, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан Сокулук РИИБинин кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган.

"2022-жылдын апрель айынын башында Сокулук РИИБине А.Ж. аттуу жаранга карата уурулук фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамынын жок экендиги аныкталган. Бирок Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып, 50 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

28-апрелде Бишкектеги Учкун кичи районунда ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБинин тергөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Э. 10 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган кызматкерлерге карата бул мыйзамсыз иштерди жасоого канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: