super.kg logo
  Саясат  

Талант Мамытов Бишкектин түптөлгөн күнүнө карата шаардыктарды куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарынын түптөлгөн күнүнө карата шаардыктарды куттуктады. Мамытовдун куттуктоосу парламенттин сайтына жайгаштырылды.

Куттуктоонун тексти:

"Урматтуу шаар тургундары! Кадырлуу калаабыздын коноктору! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Бишкек шаарынын түптөлгөн күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бишкек мамлекетибиздин экономикалык, маданий жана саясий борбору гана эмес, өлкөбүздүн "жүрөгү" болуп эсептелет. Керилген кең Чүйдө жайгашкан шаарыбыз мындан 144 жыл мурун түптөлүп, андан бери өнүгүп, гүлдөгөн калаага айланды. Көркөм имараттар, кооз көчөлөр курулуп, түрдүү маданий жайлар жана парктар жасалды. Айрыкча Совет маалында “жашыл шаар” катары таанылып, көпчүлүктү өзүнө тартып турган.

Ардактуу кыргызстандыктар! Азыр да калаабыз кеңейип, күндөн-күнгө жаңылануу үстүндө. Заманбап имараттар салынып, жаңы жолдорду жана көчөлөрдү куруу жаатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Түрдүү соода жайлары, өндүрүштүк ишканалар иштеп, өлкө экономикасына эбегейсиз салым кошулууда. Көптөгөн этностордун өкүлдөрү жашаган калаабыз мындан ары да ынтымак, биримдик жана талыкпаган эмгек менен өнүгө берет деген ишеничтебиз. Келечекте Бишкегибиз Евразия чөлкөмүндөгү ири эл аралык байланыш борбору болоруна үмүтүбүз чоң. Андыктан алдыбызда дагы далай ашуулар бар. “Жашыл шаар” даңктуу наамын кайрадан кайтарып, көз жоосун алган керемет калааны калыптандырышыбыз кажет. Жүрөгүбүзгө кандай кам көрсөк, өлкөбүздүн "жүрөгүнө" да ошондой кам көрүп, калаабызды өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз!

Дагы бир жолу баарыңыздарды Бишкек шаарынын түптөлгөн күнү менен куттуктап, мамлекетибизге тынчтык, калаабызга жаркын келечек каалайм! Ынтымактын ыры ырдалып, борборубуз гүлдөп-өнүгө берсин".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: