Ош. Бүгүн облустун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 28-ноябрда облустун аймагындагы айрым райондордо жана шаардын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Электр жарыгын өчүрүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин улантылат. Аталган ишкананы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Кара-Суу районунун Питомник, Стант, Тынчтык, Курбан-Кара, Маданият, Кайрат, Кашкар-Кыштак, Большевик, Кызыл-Тал, Будалык, Талдык, Бек-Жар, Каратай, Тээке, Асан-Чек, Кыргыз-Чек, Каарман айылдарында, ошондой эле Ош шаарынын Масалиев, Жумабаев, Гагарин, Ленин, Лесхоз, Мичурин, Толстой, Алиев, Фрунзе көчөлөрүнө убактылуу электр жарыгы берилбейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

