Чүйдө BMW 23 жаштагы кызды учура сүздү. Кырсык видеого тартылып калган



Москва районунда кызды сүзүп кеткен айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 29-апрелде саат 21:00 чамасында Москва районунун Петровка айылында болгон. Анда BMW-5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп бара жаткан 23 жаштагы Д.Г. аттуу кызды учура сүзүп, андан ары качып кеткен.
Кыз оор абалда ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк айдоочу Бишкек шаарынан кармалган. Ал 2002-жылы туулган З.Ж аттуу жаран болгон.
Чүйдө айдоочу кызды учура сүздү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.