Военно-Антоновкада 16 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 16 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 29-апрелде милицияга Военно-Антоновка айылында жайгашкан темир жолдо жашы жете элек баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери барып, маркумдун аты-жөнүн аныкташкан, ал 2006-жылы туулган К.Р. аттуу бала болгон.
Бул факты дароо реестрге катталып, учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.