super.kg logo

УКМК Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын башчысын кармады (фото)

 

Кыргызстандан жасалма ветеринардык документтерди колдонуу менен бодо малды жана майда мүйүздүү малды алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган схеманы ишке ашырууга Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Ш.Н.Т. аттуу жарандын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган.

"Шектүү акчалай сыйлык үчүн мал-жандыктарын сыртка чыгаруу менен алек болгон жеке адамдарга форма-1 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн, ошондой эле мал-жандыктардын бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүүнүн талаптарын одоно түрдө бузуу менен берип тургандыгы аныкталган.

Кылмышка шектелип Ш.Н.Т жана аталган схеманын башка катышуучулары 100 миң сомдон ашык өлчөмдөгү келишим боюнча макулдашып жатышкан учурда кармалышты.

Кармалгандар Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: