"50 миң сом акча талап кылып". Кара-Сууда тергөөчү кармалды (видео)
Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милициянын ага лейтенанты К.М.К. 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен кармалган.
"Кармалган тергөөчү Кара-Суу районунун тургунун коркутуп, андан 50 миң сом акча талап кылган. Көрсөтүлгөн сумманын 15 миң сом бөлүгүн алуу учурунда шектүү кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Кара-Суу райондук ИИБнын тергөөчүсү кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.