super.kg logo

Ошто жашы жете элек өспүрүмдөр баш кошту делген окуя: Милиция окуянын чоо-жайын айтты

 

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы буга чейин интернет айдыңында тараган жашы жете элек өспүрүмдөр баш кошту делген маалыматтын такталган вариантын жарыялады.

Анда айтылгандай, мындан бир канча күн мурда Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айылынын тургуну, 2004-жылы туулган Н.М аттуу кыз ден соолугуна байланыштуу райондук ооруканада дарылануу курсунан өткөн. Кийин үйүнө чыгар алдында бир жылдай убакыттан бери социалдык тармак аркылуу мамиледе болуп жүргөн М.Н аттуу балага телефон менен байланышып, аны башка балдар ала качууга даярданып жатканын билдирип, тез арада ооруканадан алып кетүүсүн суранган. М.Н аттуу жигит ошол эле райондун Көк-Арт айылынын тургуну болгон. Натыйжада ал кызды ата-энесинин үйүнө алып барган.

Ошол эле күнү Кара-Кулжа РИИБинин Кызыл-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кыздын апасы З.А менен биргеликте баланын үйүнө барышкан. Окуя болгон жерде баланын ата-энесине кыздын жаш курагы турмуш курууга жете электигин айтып түшүндүрүшкөн. Бирок баланын ата-энеси кыз үйгө өзүнүн каалоосу менен келгенин билдирип, анын канча жашта экендигин билбей тургандыктарын айтышкан. Ошондой эле эки тараптын ата-энелери өз ара макулдашканын жана кыз 18 жашка толгондо үйлөнүү той өткөрөрүн белгилешкен. Ал эми ошол күнү кызга сөйкө салган соң апасы менен кошо кайра үйүнө жиберишкен.

Райондук милициядан кыздын ата-энеси арыз жазуудан баш тартканын кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: