super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү “Өлбөс полк” акциясы тууралуу оюн айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандагы “Өлбөс полк” акциясы боюнча пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүнкү 1-май - Эмгек майрамы менен куттуктаймын.

Өлкөбүздө тынчтык болуп, Кудай элибиздин көкүрөгүнө ыйман толтуруп, ырыскысын мол берсин. "Тарыхын билбеген элдин келечеги жок" деген накыл сөз бар. Анын сыңарындай, биз тарыхыбызды унутпашыбыз керек.
Улуу Ата Мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка биздин 365 миңден ашуун ата-бабаларыбыз аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес.

Азыр алардын миллиондогон небере-чөбөрөлөрү бар. Алар жылда 9-май - Жеңиш күнүн майрамдашат. "Өлбөс полк" аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам", - деп жазды Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 16 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: