Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда миңден ашык кишиге ооз ачырды (фото)
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда миңден ашык кишиге ооз ачырды. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Жалал-Абад шаарында Камчыбек Ташиев тарабынан ооз ачар сый тамагы берилди. Ага аймактагы 1000ден ашуун тургун чакырылды. Жергиликтүү дин кызматкерлери да катышып, өткөндөргө куран окулду. Өлкө тынчтыгы, өнүгүп-өсүүсү тиленди. Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, чогулган мекендештерибизге өлкө башчысы Садыр Жапаровдун саламын жеткирди", - деп жазды ал.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
9
9
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















