super.kg logo

Арменияда Никол Пашиняндын отставкасын талап кылгандар митингге чыгышты

 

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозициялык күчтөрдүн митинги орун алууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциялардын жаралуусуна Никол Пашиняндын эки апта мурун Тоолуу Карабах боюнча тараткан билдирүүсү себеп болгон. Премьер-министр анда "Дүйнө коомчулугу армян тарап Тоолуу Карабах аймагынын макамына байланышкан талаптарды азайтат деп күтүп жатышат" деген пикирин билдирген.

Ал эми оппозиция өкүлдөрү Армениянын азыркы бийлигин Тоолуу Карабах маселеси боюнча Азербайжанга жеңилдиктерди түзүп берүүнү көздөп жатат деп айыптоодо. Ошондой эле алар Пашиняндын жогорудагы маселени чечүү үчүн эч кандай укугу жана бийлиги жок экендигин айтып, тез арада отставкага кетүүсүн талап кылып жатышканы кабарланды.

Учурда Ереван шаарындагы Франция аянтына топтолгон миңдеген эл чатырларды тигип, нааразычылык акциясын күндөп-түндөп улантууга камынып жатышканы айтылууда. Алардын арасында тартип сакчылары менен да кагылышууларга баргандар бар экени белгилүү болду. Мындан тышкары митингге чыккандар көчөлөрдү ээлеп, жол кыймылын чектеп жатышканы да маалымдалды.

Белгилей кетсек, Никол Пашинян премьер-министрлик кызматты 2018-жылдан бери аркалап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: