super.kg logo

Wi Fi кызматтарын керектүү учурда гана күйгүзүңүз. Жайдын аптабында смартфонду күйүп кетүүдөн сактоонун эрежелери

 

Жайдагы ысык температурадан смартфондорду коргоо үчүн аларды дайыма чөнтөктө ташып жүрүү жетишсиз болуп саналат. Өзгөчө смартфондор арасында кеңири таралган литий-иондук жана литий-полимердик батарейкалар менен жабдылган түрлөрү жогорку температуранын таасири астында өзүнөн-өзү күйүп же шишип кеткен учурлар көп катталат. Бул тууралуу атайын адистер билдиргенин чет элдик басылмалар жазышат.

Аталган көйгөйгө кабылбоо үчүн бир катар эрежелерди так сактап, смартфондун ички түзөтүүлөрүн (настройка) көзөмөлдөп туруу керектелет. Тактап айтсак, экрандын жарык деңгээлин (яркость) ар дайым тууралап, GPS, Bluetooth сыяктуу кызматтарды колдонулбаган учурларда өчүрүп туруу кажет. Ошондой эле смартфондогу программалардын автоматтык түрдө жаңыланып туруу функциясы жана Wi Fi кызматы да керектүү учурда гана колдонулганы жакшы. Анткени Wi Fi дайыма туташуу үчүн жеткиликтүү тармакты издеп тургандыктан телефондун температурасынын жогорулашын тездетет.

"Смартфонуңузду күндүн тике тийген нурларынан алыс кармаңыз. Мүмкүн болушунча абанын айланып туруусуна тоскоол болгон калың телефон каптарды колдонуудан качыңыз. Мындан тышкары бир убакта иштеп турган программалардын санын азайтыңыз. Булардын бардыгы смартфондогу температураны жогорулатат", - дешет эксперттер.

Адистер ошондой эле колдон келишинче оригинал кубаттагычтарды (зарядка) колдонууну сунуштайт. Эгерде телефонуңуз ысып чыкса, анын сырткы кабын чыгарып, интернет жана иштеп жаткан бардык программаларды өчүрүп, салкын жерге бир канча убакыт коюп коюу керектигин белгилешет. Смартфонду тез муздатуу үчүн башка жолдорду пайдалануу анын ишине терс таасирин тийгизиши ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: