Токмокто 1 жыл мурун өлтүрүлгөн адамдын денеси табылды
Токмок шаарында бир жыл мурун өлтүрүлгөн адамдын денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Токмок шаарынын укук коргоо кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип Токмок шаарынын 1978-жылы туулган тургуну М.А. кармалды. Кармалган жаран маркум менен 2011-жылы декабрь айында арак ичип отурушуп урушуп кетишкен. Жыйынтыгында М.А. аны бычак менен сайып өлтүргөн. Ошондой эле ал жерде экөөнөн башка дагы 2 адам болгону аныкталды. Алар үйдүн короосун казып, денени көмүп салышкан. Маркум Орусиянын Новосибирск облусунун 1956-жылы туулган жашоочусу А.Суханов экени аныкталды. Аталган кылмышка айыпталып М.Адан сырткары Токмок шаарынын жашоочулары О.И. жана К.Е. колго түшүрүлдү. Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.