super.kg logo

Украинада Анжелина Жоли жарым-жартылай жеп таштап кеткен таттуу токоч аукционго коюлду

 

Украинадагы тамактануучу жайлардын биринде голливуд жылдызы Анжелина Жолли жарым-жартылай жеп таштап кеткен таттуу токоч аукционго коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурда Львов шаарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн барган Анжелина Жоли тамактануучу жайлардын биринде таттуу токочтун жарымын жеп, калганын калтырып кеткен. Аны Евгений аттуу ошол тамактануучу жайда кенже тейлөөчү кызматкер болуп иштеген жигит сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аукционго чыгарган. Ал голливуд жылдызы тиштеген таттуу токочтун баштапкы баасын 1 миллион гривен деп белгилегени маалым болду. Бул кыргыз сому менен 2 миллион 800 миң сомго жакын акча.

Ал эми тамактануучу жайдын жетекчилиги Анжелина Жоли ал күнү 3 түрдөгү таттуу токоч жана кофе ичип кеткенин тастыктаганы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: