super.kg logo

Аксыда диний-экстремисттик уюмдун лидерлери кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашыруун иштеп жаткан “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун көмүскө ячейкасынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 1-май күнү “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун (ред.; өлкөдө тыюу салынган) 4 лидери жана 8 активдүү мүчөсү кезектеги айлык чогулушун өткөрүү учурунда кармалган.

Тинтүү иштеринин натыйжасында көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, системалык блоктор, электрондук маалымат каражаттары жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынганы айтылат.

"Алар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу жана конспирациялык негизде диний сабактарды өткөрүшүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратышкан.

Кармалгандар Жалал-Абад шаарынын тергөө камак жайына киргизилип, алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: